Бул датанын алкагында “СПИДди токтотолу. Айткандарыбызды аткаралы” деген ураан менен Улуттук филармонияда кайрымдуулук концерти өтөт. Айыккыс дарт тууралуу талбай чагылдырып келген журналисттерге жыл сайын ыйгарылуучу улуттук сыйлыктар берилет. Кыргызстанда ВИЧ/СПИД илдетин алып жүргөндөрдүн саны бир миң үч жүздөн ашат. СПИДден баш-аягы сексендей киши каза тапкан. Быйыл эле Оштогу Ноокат районундагы ооруканада жыйырма алты балага, төрт кош бойлуу келинге жана бир медициналык кызматкерге ВИЧ инфекциясы жукканы кабарланган. (EBM)