Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бул жумада “Эркиндик” гүл багында коомчулуктун катышуусунда улуу акын Жоомарт Бөкөнбаевдин эстелиги ачылды. Маркумдун эстелиги 2003-жылдын 17-мартында уурдалып кеткен. 1947-жылы тургузулган адепки эстеликти кыргыз эл сүрөтчүсү Ольга Мануйлова жасаса, бул жолу жаш айкелчи Аскар Турмубековдун колунан жаралган. Эстеликтин ачылыш аземинде акын жазуучулар сөз сүйлөшүп, маркумга арнап жазган ырларынан окушту. Салтанаттын соңунда Самсак Станалиевдин Жоомарт Бөкөнбаев тууралуу жарык көргөн “Жылдын эң узак күнү” деген романы элге таркатылды. Ал эми улуттук китепканада маркумдун өмүр чыгармачылыгына арналган китеп көргөзмөсү ачылды.

Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 17-сентябрдан 17-декабрга чейин мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялап, анын алкагында өлкөнүн жогорку окуу жайларында “Ырдайлы кыргыз ырларын” фестивалын өткөрдү. Фестивалдын жобосуна ылайык жогорку окуу жайларында билим алып жатышкан кыргыздардан башка улуттун өкүлдөрү кыргыз ырларын ырдашып, макал-лакап, жаңылмачтардан айтышып, улуттук бийлерден бийлешип өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Сынак кезек-кезеги менен ар бир окуу жайда өтүп, катышуучулардын өнөрлөрүнө Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын кызматкерлери жана студенттер күбө болушту. Аталган комиссиядан билдиришкендей өлкөдөгү баардык окуу жайлар четте калбай, бул фестивалга жоопкерчиликтүү мамиле жасоодо.

-Келерки жылды мамлекеттик тил жылы деп жарыялоо сунушу менен өлкө башчысына кайрылуу жолдонду жана бул фестиваль ошого карата даярдык болуп эсептелет- деп кабарлады Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү, Республикалык кыргыз-тил коомунун президенти Нурлан Кыдыршаев.

Фестиваль келерки жумада катышуучулардын чоң концерти жана сыйлыктарды тапшыруу аземи менен жыйынтыкталат.

29-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Эл аралык “Руханият” ассоциациасынын түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына арналган салтанаттуу кече уюштурулду. Коомчулуктун катышуусу менен өткөн кеченин алкагында салтанаттуу жыйын өтүп, аталган ассоциацианын ишмердүүлүгүн баяндаган китептин бет ачаары болду. Соңунда көркөм өнөр чеберлеринин жана чыгармачыл жаштардын майрамдык концерти тартууланды.

Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрынын репертураында классика менен модерн стили айкалышып, заманбап бий өнөрүнүн ыкмалары камтылган Игорь Стравинскийдин Петрушка балети орун алды. Аны Франциядан келген хореограф Лорнас Левассер койду. Бийчи 2001-жылдан бери Борбор Азия өлкөлөрү менен иш алып барат. Ал Кыргызстанга алгач былтыр келип, Бишкектеги Хореографиялык окуу жайынын улан-кыздары менен Игорь Стравинскийдин “Ыйык жаз” спектаклин койгон. Негизинен батыш өлкөлөрүндөгү балет театрларынын репертуарында Стравинскийдин “Ыйык жаз” жана “Петрушка” балети орун алган. Андыктан кыргыз театрында дагы ушул эки чыгарма болсун деп, Лоранс Левассер бул жолу “Петрушка” балетине кайрылган. “Петрушка” балетиндеги негизги өзгөчөлүктөр бул классика менен модерн стили айкалышып, бийчилер атайын балет формалары менен эмес, кадыресе эле кийимдери менен бийлешет. Кыргыз бий өнөрпоздору да, модерн стили алар үчүн жаңы нерсе экенин айтышып, алгачкы күндөрү бир топ кыйналышкандарын белгилешсе, Лоранс Левассер кыргыз бийчилеринин талантына мындайча баасын берди.

-Кыргыз артисттеринин дарамети абдан жакшы экен, мени каанатандырды. Болгону убакыт тар болуп, кээ бир нерселерге үлгүрбөй калдык. Бирок буйруса дагы Кыргызстанга кайрылып келем.

“Петрушка” балети көрүүчүлөргө бүгүн да сунушталат. Аны менен катар Германиядан келген “Кокоданс” бий тобу “Сүйүшкөндөр жана башка бейтааныштар” оюнун көрсөтүшөт.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG