Өлкө түштүгүнөн Еврошаркет өлкөлөрүнө аттанууну көздөгөндөр полициянын маалыматына караганда, Ооганстан, Ирак, Ирандын жарандары. Түркия - Еврошаркет өлкөлөрүнө кетүүгө умтулган мыйзамсыз мигранттар үчүн өткөөл бекеттин бири катары эсептелинет. Ал эми өткөн аптада Грециянын жээк кызматы, грек аралдарына өтүүгө аракеттенип жаткан 300дөй түрк жаранын кармаган болчу.