Украинанын Донецк облусунда жайгашкан бул шахтыдагы бүгүнкү жарылуудан кеминде жети адам жаракат алды. Кырсык учурунда шахтыда 400дөй кенчи иштеп жаткан. Ал эми ушул жылдын 18-ноябрында бул жерде метан газынын жарылуусунан 101 кенчи мерт болгон жана бул Украинанын постсоветтик тарыхындагы көмүр шахталарында орун алган кырсыктардын эң ириси деп бааланган.