Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

АКШда сенатор Хилари Клинтондун шайлоо штабын ээлеп алган адам полицияга багынып берди


Кошмо Штаттардын Нью-Гэмпшир штатындагы РочЕстер шаарында Демократиялык партиядан президентикке талапкер болууну көздөп жаткандардын бири, сенатор Хилари Клинтондун шайлоо штабын ээлеп алган адам полицияга багынып берди. Эч ким жабыр тарткан жок. Полициянын маалыматына караганда, кеңсеге кирип барган адам бомба жардырарын айтып корккуткан жана Хилари Клионтон менен жолугушууну талап кылган. Президенттике талапкердин өзү кеңседе жок болчу. Полиция имаратты курчоого алып, штабдын барымтада калган бир нече кызматкерин бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр алты саатка созулган. Маалыматка караганда, камакка алынган адам психикалык жактан соо эмес.

XS
SM
MD
LG