Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Орусияда эртең Мамлекеттик Думага шайлоолор өтөт


Орусияда бүгүн "жымжырттык күнү". Башкача айтканда, Мамлекеттик думага эртең өтүүчү шайлоого соңку даярдык көрүлүп жаткан кез, бирок шайлоо алдындагы үгүт иштерин бүгүн тыюу салынган. Шайлоого 11 партия катышууда. Президент Путин өзү "Бирдиктүү Орусия" партиясынын федералдык тизмесинин башында турат, бул партиянын шайлоодо жеңип чыгуусу ага келерки жылы президенттиктин экинчи мөөнөтү аяктагандан кийин да саясаттагы ролун улантууга мандат берерин айткан эле. Ал эми оппозициядагы топтордун пикиринде, шайлоо алдындагы үгүт иштеринде, мамлекеттик маалымат каражаттарында Кремлдин партиясы гана үстөмдүк кылды.

XS
SM
MD
LG