Мындай чечим ЕККУнун министрлер кеңешинин кечээ Мадридде аяктаган жыйынында жетишилди. Казакстан муну менен эски совет өлкөлөрү ичинен Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмуна төрагалык кылуучу алгачкы мамлекет болот. Оболу Казакстан 2009-жылдын төрагалыгы үчүн талаптанган эле, бирок бул жылдын төрагалыгы Грецияга, ал эми 2011 жылдыкы Литвага берилди. Маалыматтарга караганда, АКШ 2010-жыл үчүн Казакстандын талапкерлигин Астана ЕККУ уюмунун шайлоолорго байкоо жүргүзүү мекемеси- Демократиялык институттар жана адам укутары бюросун коргоону убада кылган соң колдогон.
Казакстан Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмуна 2010 –жылы төрагалык кыла турган болду