Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

13:15 К. Булатов: Шайлоодогу бийликтин ыплас иштери өздөрүнө деле жакшылык алып келбейт


“Эр айдоочу” укук коргоо коомунун жетекчиси Качкын Булатов “Азаттыкка” президент Курманбек Бакиевдин административдик ресурс колдонулбайт дегени суу кечпей жатканын билдирди. Укук коргоочу бул айткандарын кечээ Кочкордо “Ата Мекен” партиясынын жыйынына келгендерге кысым көрсөтүлүп, милиция камап кармаганы менен бышыктады. “2005-жылдын 24-мартындагы окуя беш-алты эле шайлоо чөлкөмдөгү чырдан тутанып Акаев кеткен. Бакиев муну өзү билип-түшүнүшү керек. Азыр ар бир партия бүткүл республикадагы кызыкчылыкты карап жарышка чыгып жатат. Эгерде башка партияларга карата ушундай тоскоолдуктар улана берсе өлкөдө атуулдук ишенбөөчүлүк жаралат. Бул болсо элдин нааразылыгына, пикет митинг, жол тосмойлорго айланат” – дейт, Качкын Булатов. (EBM)

XS
SM
MD
LG