Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:02

БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү жана Германия Иранга каршы жаңы санкциялар боюнча резолюция даярдайт


Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү: АКШ, Кытай, Орусия, Британия, Франция жана Германия уран байытуу программасын токтотуудан баш артып жаткан Иранга каршы жаңы санкциялар боюнча резолюция даярдоону макуладашканын Франциянын дипломатиялык булактары билдирди. Алардын маалыматына караганда, тиешелүү резолюция долбоору ушул апта ичи таратылат. Еврошаркет менен Иран ортосундагы соңку сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктагандан кийин БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү менен Германия дипломаттары кечээ Парижде жолуккан эле. Ал эми Ирандын тышкы иштер министрлиги жаңы санкциялар анын өзөктүк прогрммасына байланышкан талашты чече албасын белгиледи. Бул аралыкта Ирандын өзөктүк маселер боюнча сүйлөшүүлөрдөгү жогорку өкүлү Саид Жалили эртең Москвага келери маалым болду.

XS
SM
MD
LG