Мындай чечим «Ата мекен» партиясынын таза шайлоо өткөрүү боюнча уюштурган бүгүнкү конференциясында кабыл алынды. Эки пункттан турган чечимде партиялардын БШКга ишеним көрсөтпөөсү жана административдик ресурстар кеңири пайдаланылып жатканы үчүн шайлоо алдында митинг өткөрүү белгиленди. Митингди Бишкекте жана жер-жерлерде өткөрүү чечими жактырылды. Бишкекте «Ата мекен» партиясынын демилгеси менен өткөн конференцияга саясий партиялар, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана чет өлкөлүк байкоочулар катышты. (AiT)