2-декабрда көз байланган маалда бейтааныш төрт киши Компартиянын Алабука райондук штабынын маңдайына илинген көрнөк тактайды жулуп ыргытышкан. Шайлоо штабынын башчысы алардын ким экендигин суроого аракет кылганда, белгисиз адамдар коммунисттердин район аймагынан чыгып кетүүсүн, болбосо кеңсеси талкалана тургандыгын эскертишкен. Бул тууралу компартиянын облустагы биринчи катчысы Тагайбек Жаркынбаев билдирди. Аталган райондо “Ата мекен” партиясынын үгүт иштерине да тоскоолдуктар жасалып, микрофонду жулуп алууга аракет кылган киши тартип сакчыларына тапшырылган. (YA)
19:15 Алабукада коммунисттердин штабына кол салуу болуп, “Ата мекен” партиясына тоскоолдук жасалды