Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Эдил Байсалов шайлоо бүллетендеринин сапатынын начардыгына кабатырланып турганын билдирди. Анын айтымында бүгүн “Учкун” басмаканасынан биротоло басылып чыга турган бүллетендердин коргоо белгилери өтө начар жана аны көрүнгөн жерде басып чыгарууга болот. Ошол эле маалда өздөрүнүн шайлоого катышуу укугун коргоп бир нече партиялар сотко кайрылышкан. “Жашылдар партиясы” болсо БШК Жогорку соттун чечимин күтпөстөн эле бүллетендерди басмадан чыгарып жатышын мыйзамсыз деп эсептейт. (AJ)