7:53 Белгилүү журналист А.Саиповду эскерүү акциясы бүгүн өкмөт үйүнүн жанында өтөт
Бул акция маркум Алишер Саиповдун каза болгонунун кырк күндүгүнө карата өтүп жатат. Жыйын президент Курманбек Бакиевдин эсине бул кылмыш ишин жеке көзөмөлгө алдым деп айтканын дагы бир ирет эске салуу максатын көздөйт. Ошондой эле бийликке журналистердин коопсуздугун камсыз кылуу сунушталат, деп билдирди “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев “Азаттыкка”. 26-жаштагы журналист Алишер Саипов 26-октябрда Ошто белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн. (AJ)