Көмүр казуу ишмердүүлүгүн жүргүзгөн “Ташкөмүр” ишканасынын 46 млн сомдон ашуун карызы бар. Ишкананы менчиктештирүү мыйзамына ылайык коюлган алгачкы баа –19 млн сомго сатуу аракети ишке ашпаган соң, эркин баа менен сатыкка коюлган. Бул учурда “Ташкөмүр” АК 96,6% акциясы 2 млн 50 миң сомго сатылды. (ZKo)