Бул тууралуу чегара кызматынын маалымат борбору кабарлады. Анда айтылгандай 4-декабрь күнү Ташкөмүр шаарындагы аскер бөлүгүнөн катардагы жоокер Марат Рыскулов курал менен кетип калгандыгы аныкталган. Аны издөөгө чыккан топтун жетекчиси майор Т. Дарчибаев жоокер менен сүйлөшүүгө аракет жасаган учурда Рыскулов ага карата эки ирет ок чыгарып, натыйжада майор каза болгон. Окуя болгон жерден качып кеткен Марат Рыскулов ушул тапта Нарын дарыясынын жээгинде жүргөндүгү аныкталды, аны менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. (ZKo)