Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

14:20 Алишер Саиповду эскерүү акциясы милиция тарабынан токтотулду


Бүгүн саат 13:00 Өкмөт үйүнүн алдында өтөрү белгилеген эскерүү акциясына катышуу үчүн укук коргоочулар, журналисттер, маркумдун жакындары чогулган. Бирок ага чейин эле аянтта турган милиция кызматкерлери аянтта турган, ИИБ башчысынын орун басары Таалайбек Дегенбаев журналисттерге “өлгөн кишинин кырк күндүгүн үйүндө эскерүү керек, аянт мындай иштер үчүн курулган эмес,” деп билдирди.
Бүгүн көз карандысыз журналист Алишер Саиповдун өлгөнүнө кырк күн болду. Буга карата укук коргоочулар жана журналисттер мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин журналисттин өлүмү боюнча ишти өз көзөмөлүнө алгандыгын эскертүү максатында бул иш-чараны Өкмөт үйүнүн алдына өткөрүүнү чечишкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG