Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

14:45 Шайлоо бюллетени боюнча өтүп жаткан жыйынга УКМК жетекчиси катышууда


Шайлоо бюллетенинин сүрөтү интернетте жарыяланганына байланыштуу БШК тарабынан атайын чакырылган жыйын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Мурат Суталиновдун катышуусу менен өтүп жатат. Жыйында шайлоо бюлеттенинин мыйзамсыз түрдө интернетте жарыяланышы –бюллетендер башка бирөөлөр тарабынан жасалуу коркунучун алып келери тууралуу айтылып, бюллетендерди кайрадан даярдоо маселеси козголду. БШК шайлоо бюллетендерин жараксыз деп таап, жаңы үлгүсүн даярдоого кетүүчү чыгымды СДПКга жүктөөнү сунуш кылууда. Ошондой эле БШКнын бүгүнкү жыйынында каралуучу маселелердин жыйынтык долбоорунда мыйзам бузгандыгы үчүн Эдил Байсаловду жоопко тартуу ишин тартип коргоо органдарына тапшыруу тууралуу сунуш да айтылган. Ушул тапта комиссия мүчөлөрү долбоорго оңдоо-түзөөлөрдү киргизүүнүн үстүндө иштеп жатышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG