БШК шайлоо бюллетенин сүрөткө тартып алып, аны интернеттеги күндөлүгүнө жарыялап жибергендиги үчүн СДПКнын жооптуу катчысы Эдил Байсаловго нааразылык билдирген. Буга карата Эдил Байсалов бүгүн маалымат каражаттарына билдирүү таратып, “шайлоо бюллетендери ансыз деле сапаты жагынан кооптонууну туудура турган болуп, даярдалган. Мен мына ушуну айткандан кийин БШК жоопкерчиликтен качып, өздөрүнүн күнөөсүн мага үйүп коюуга аракет жасап жатат,”- деп билдирди. (ZKo)