Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

15:55 2008-жылдын бюджети 43 млрд сом болору күтүлүүдө


Бул тууралуу бүгүн каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров мамлекет башчынын кабыл алуусунда болгон учурда билдирди. Министрдин милдетин аткаруучу келерки жылы бюджеттик кызматта иштегендердин айлык акысы 30 пайыздан 100 пайызга чейин көбөйө тургандыгын маалымдады. Бул үчүн кошумча 3 млрд сом табууга туура келет, дейт ал. Мындан тышкары келерки жылдын бюджетинде Камбарата-2 ГЭСинин курулушу үчүн да 3 млрд сом каралган. Акылбек Жапаровдун маалыматы боюнча 2007-жылдын бюджетине эки ирет өзгөртүү киргизилип, натыйжада бюджет 4,7 млрд сомго көбөйдү.
Мамлекет башчы өз кезегинде негизги көңүлдү курулуп бүтө элек мектептерге буруп, алардын курулушу үчүн каражат бөлүүнү, келерки жаңы окуу жылына карата бардык аймактардагы курулуп бүтө элек мектептерди тактап, аларды пайдаланууга берүүгө жетишүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG