Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

19:12 Нарында партиялардын өкүлдөрү бийлик тарабынан кысым-тоскоолдуктарды токтотууну талап кылууда


Бир катар партиялардын өкүлдөрү облус бийлигине кайрылуу жолдоп, бийликтин административдик кысым жасап, мыйзамдуулук сакталбай жатканын белгилешти. Маселен, “Эркиндик” партиясынын координатору Табылды Исмаилов бийлик тарабынан шайлоочулардан эки тизме алынып, анын бири “Ак жол”, экинчиси кайсы партияга иштейсиң деген сыяктуу тактоолор жүрүп жаткандыгын билдирди. “Ата мекен”, “Асаба”, “Социал-демократтар”, “Коммунисттер” партияларынын өкүлдөрү да административдик ресурс күчөп бара жаткандыгын белгилешип, губернатордон мыйзамдуулукту сактоону талап кылышууда. “Ак жол” партиясынын өкүлү Токтобек Керимбаев мындай айып-кинелерге макул болгон жок. (KUs)

XS
SM
MD
LG