Бул туралуу кечээ Вашингтондо беларус оппозициясынын өкүлдөрү, анын ичинде президенттикке мурдагы талапкер Александр Милинкевич менен жолуккан учурунда АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс билдирген. Мамлекеттик депаратаменттин маалыматында айтылгандай, жолугушууга катышкан беларус оппозиционерлери өлкөдө адамдын фундаменталдык укуктарынын бузулушуна каршы күрөшүп жатканын билдиришкен.