Юлия Тимошенко өкмөт башчысынын кызматын 2004-жылкы "саргылт ыңкылаптан" кийин кыска убкытка ээлеген болчу. Азыркы жаңы парламентте Тимошенконун блогу менен президент Виктор Ющенконун партиясы бириккенде калган саясий күчтөрдөн бир добушка артыкчылык кылат. "Саргылт" коалицияга кирген эки партия өлкөнүн тышкы иштер министри Арсений Яценюкту парламент төрагалыгына көргөздү. Төраганы шайлоо маселеси бүгүн каралары күтүлүүдө.