Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:24

Орусияда шайлоо учурунда сөз эркиндиги сакталган жок


Бул тууралуу ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Миклош Харашти билдирди. Ал шайлоо учурунда байкалган укук бузуулардын тизмесин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго жөнөтүп, өз катында Орусиянын шайлоо кампаниясын адилет жана эркин чагылдыруунун кепилдөө боюнча милдеттенмелери бар экенин эскертип коюуну кааларын белгилеген. Миклош Хараш шайлоону теледен чагылдырууда башкаруучу партияга монополия берилгенин, көз карандысыз маалымат каражаттары куугунтукталган учурларды мисал катары келтирет.

Ал эми Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Чуровдун бүгүнкү жарыясына караганда, президент Путиндин "Бирдиктүү Орусия" партиясы Мамлекеттик думадагы 450 орундун 315не ээ болот. Коммунисттик партияныкы 51, Либералдык-демократиялык партияныкы 40, "Адилеттүү Орусия" партиясыныкы 38 орун болот. "Бирдиктүү Орусия" 315 орун менен Мамлекеттик думада көпчүлүктү түзүп, өлкө Конституциясын да өзгөртө алат.

XS
SM
MD
LG