Ооганстандагы кырдаалды талкуулоо үчүн британ башкалаасындагы конференцияга саясатчылар, аскерий жетекчилер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, түрдүү эл аралык уюмдардын эксперттери катышты. Жыйында эл аралык коомчулук жана өлкөнүн жакшы калыптана элек саясий жана башка институттары кантип өз ишин жакшырата алат, канткенде карапайым ооган калкынын ишенимине ээ боло алары жөнүндө сөз жүрдү. Конференция катышуучулары арасында БУУнун мандаты астында Ооганстанда иштеп жаткан 37 өлкөнүн, НАТО баштаган аскерий коалициянын аракетин мактагандар, кескин сынга алгандар да болду.Стратегиялык изилдөөлөр боюнча Гаагадагы институтун эксперти Христа Мейндерсма конференцияда айтылган сын - пикирлерди "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Лондондогу кабарчысы менен болгон маегинде мындайча жыйынтыктады:
- Менимче, биз ары же бери болчу чекте турабыз. Ооганстан же стабилдешүүнүн, тынчтыкта туруктуу өнүгүүнүн кандайдыр бир жолуна кадам таштайт же биз аны кайра исламчыл экстремисттерге алдырабыз. Менимче муну жарым –жартылай биз аныктай алабыз.
Голландиялык эксперттин пикиринде, ооган өкмөтүндө коррупция күчтүү, аскерий бөлүктөрү ортосунда координация жок. Европанын өлкөлөрү Ооганстанга талап кылынган санда аскер жөнөтө албады. Мындай жагдай өз кезегинде, аба соккуларынын көбүрөөк практикаланышын шарттоодо. Бул жөн-жай тургундар арасындагы чыгымга алып келип жатат. Германия сыяктуу өлкөлөр атүгүл жоокерлерине аскерий операцияларга тикелей аралашуусуна тыюу салган.
Конференцияда негизги докладды жасагандардын бири, Босния – Герцоговина боюнча мурдагы эл аралык өкүл Пади Ашдаун "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысына буларды билдирди:
- Бул жерде оңдоону талап кылган бир нече маселе бар, бирок менимче бир нерсе өтө манилүү. Эл аралык коомчулук ооган өкмөтүн колдоодо биргелешип аракеттениши керек. Жакшы өнөктөштүк, максатыбыз, жолубуз айдан ачык болушу үчүн дурусураак механизмди түзүүгө муктажбыз. Ар ким өз арбайын сокпостон, биз чогуу аракеттенишибиз абзел.
Ал эми Ооганстандын телекоммуникация боюнча мурдагы министри Массум Станакзайдын пикиринде, Ооганстанда ишти кантип жакшыртуу керектигине арналган талкууга бир нече тараптын катышканы үмүт жаратууда:
-Ооган өкмөтү менен эл аралык өнөктөштөрдүн кызматташтыгы, эл аралык өнөктөштөрдүн өз ара кызматташтыгы Ооганстандын ийгиликке жетишиндеги өтө маанилүү нерсе. Эгер муну жасабасак, биз ийгилик жаратуу үчүн берилген мүмкүнчүлүктү жоготобуз. Мындай коркунуч Ооганстанда али да сакталуу.
Конференцияда конок ээси болгон Британиянын жыйынга катышкан мамлекеттик министри Мэллох Браундун айтымында, Ооганстандын аймактарында калыбына келтирүү иштерин тездетүү, бул ишке министрликтердин жер-жерлердеги коррупцияланышкан өкүлдөрүн аралаштырбоо үчүн британ премьер- министри Гордон Браун жакында Ооганстандын улуттук өнүгүү агенттигин түзүүнү сунуш кылган.
Эл аралык уюмдар тарабынан каржылануучу ал агенттик мектеп, ооруканаларды куруу, инфраструктураны оңдоо, иш орундарын түзүү менен алектениши керек.