Жаштар партиялык жетекчиликке өз идеяларын жеткире алабы? Чоң саясатка аралашсаң да өз дүйнө таанымыңды кантип сактап калса болот? Ушул өңдүү маселелер жаштар либералдык клубунун экинчи жыйынында талкууга алынат Иш-чаранын уюштуруучусу, “Эркин муун” либерал жаштар альянсынын жетекчиси Мирсулжан Намазалиевдин айтымында, талкууга бардык каалоочулар чакырылат. Клубдун жыйыны 7-декабрда, саат 16:00дө Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтөт. (JTo)