Бул тууралуу бүгүн премьер-министрдин милдетин аткаруучу Искендер Айдаралиев компаниянын өкүлү Хан Юнг Чой менен жолугуушуу маалында айтылды. И.Айдаралиев ишкананы жалаң кореялык капиталдын же бирдиктүү негизде түзүүгө болоорун, Кыргызстан кореялык компания менен кызматташууга дайыма даяр экенине ишендирип кетти. Хан Юнг Чой Hyundai компаниясынын башчысы Кыргызстанга 16-декабрда келиши мүмкүн экенин айтты.
Автомобиль жана кемелерди чыгарган Түштүк Кореялык ишкана 1947-жылы негизделген. Учурда компаниянын сегиз өлкөдөгү заводдорунда 1 миллиондон ашуун адам иштейт.
Автомобиль жана кемелерди чыгарган Түштүк Кореялык ишкана 1947-жылы негизделген. Учурда компаниянын сегиз өлкөдөгү заводдорунда 1 миллиондон ашуун адам иштейт.