Бул тууралуу БШК мүчөсү Жылдыз Жолдошева маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда жаңы бюллетендердин өңү кызгылтым болуп, мурдагы коргоо даражалары сакталган. Ал эми эски бюллетендерди жок кылуу жараяны БШК мүчөлөрүнүн толук курамы топтолгондо жүргүзүлмөкчү. Орусиядагы шайлоого байланыштуу Москвага кеткен комиссия мүчөлөрү бүгүн түштөн кийин келишет, дейт Жылдыз Жолдошева.
4-декабрга чейин 2 млн 717 миң даана шайлоо бюллетени мөөнөтүнөн мурда ачык жарыялангандыгы үчүн БШКнын кечээки жыйынында жараксыз деп табылган. Ал эми бюллетендин сүрөтүн интернетке жарыялаганы үчүн СДПКнын жооптуу катчысы Эдил Байсалов партиялык тизмеден чыгарылып, жараксыз бюллетендерди чыгарууга сарпталган 27 млн сом чыгымды СДПКдан төлөтүп алуу тууралуу БШК чечим кылган. СДПК болсо БШКнын чечимин сотко берүүнү көздөөдө. (ZKo)