БШК мүчөсү Жылдыз Жолдошеванын маалыматы боюнча Кыргызстандан сыртка жиберилүүчү бюллетендер тышкы иштер министрлиги тарабынан түзүлгөн тизме боюнча даярдалууда. ТИМ тарабынан берилген тизмеде 29 614 жаран катталган. Жылдыз Жолдошева бул көрсөткүч өтө эле аз деген пикирлерге кошуларын билдирди. Анын айтуусунда ушул тапта сыртта жүргөн миңдеген кыргызстандык жарандар добуш бере албай калышууда, анткени базарларда добуш берүү түйүндөрүн ачууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ошондуктан, шайлоо участкалары чет өлкөлөрдөгү дипломаттык мекемелерде гана жүргүзүлөт. Ал эми тизмеге кирбей калган жарандар шайлоо күнү добуш берүү түйүндөрүндөгү кошумча тизмеге катталуу менен добуш бере алышат, дейт Жылдыз Жолдошева.
Такталбаган маалыматтар боюнча учурда чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандык жарандардын саны 700 миңден ашуун. Алардын орточо жаш курагы 17-50 жашты түзөт. (ZKo)
Такталбаган маалыматтар боюнча учурда чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандык жарандардын саны 700 миңден ашуун. Алардын орточо жаш курагы 17-50 жашты түзөт. (ZKo)