Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынын билдиргени боюнча 1-вице премьер-министрдин милдетин аткаруучу Искендер Айдаралиев иш сапарынын жүрүшүндө облустагы райондорду кыдырып, мектеп, оорукана ж.б. социалдык обьектилердин абалы менен таанышмакчы. Мындан тышкары жергиликтүү тургундар менен жолугушары күтүлүүдө. Бул – Искендер Айдаралиевдин 1-вице премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызматына келгенден берки алгачкы иш сапары.
Искендер Айдаралиев мурда Талас облусунун губернатору болуп иштеген. Айрым саясатчылар И. Айдаралиевдин азыркы кызматына барышына бийликчил “Ак жол” партиясынын Талас облусунда колдоо таппагандыгы себеп болгондугун айтып жатышат. (ZKo)