Үстүбүздөгү жылдын он бир айында Нарын шаарынын 2349 жаранына паспорт берилген. Бүгүнкү күнгө карата 88 адамдын паспорту келелек. Шаардык паспорт үстөлдүн кызматкерлери атуулдардын негизги өздүк документин тактоо маалында 573 адамдын паспорттору жараксыз экендиги аныкталган. 33 жаранда паспорту жок болуп чыкса, 29 атуулдун паспортунун каттоолору туура эмес экендиги белгилүү болгон. Буларга жалпысы 60200 сом айып салынган. Мындай маалыматты Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн паспорт үстөл жетекчиси Айнура Байгелдиева билдирди. Анын айтымында, жарандардын паспорттук эсебинин туруктуулугун аныктоо кыйынчылыкты жаратууда, анткени сырттан убактылуу конуш которуп келген адамдар арбын жана алар жашап жаткандыктарын оңой менен айтышпайт. (KUs)