Аймактардагы атка минерлер “Бөрк ал десе, баш алып” бийликчил “Ак жол” партиясынан башка саясий партияларга болуп көрбөгөндөй ар кандай тоскоолдуктарды жасашууда, деп билдирди “Аалам-партияда жоктор” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Тилек Кадыралиев. Анын айтымында, БШКнын графиги боюнча Каракол, Жумгал, Кочкордо өтүүчү шайлоочулар менен жолугуу иш чарасында жергиликтүү бийлик “Ак жолго” толук мүмкүнчүлүк берип, калган партияларга бут тосууда. (AJ)