Ооган баш калаасы Кабулда жан кечти автоунаада бомба жардырып, андан кеминде он алты адам набыт кетти. Жан кечти Ооган армиясы бараткан кичи автобусту сүздүргөн. НАТОнун өкүлүнүн айтымында, бул жардыруудан 8 аскер жана карапайым калк ичинен 8 адам курман болду. Дагы 8 жоокер жана 20 чукул адам жаракат алды. Шейшембиде ушул сыяктуу эле чабуул Кабулда НАТОнун кайгуулдарына жасалган Анда жыйырма адам жараат алганы кабарланган.