Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

19:39 Искендербек Айдаралиевдин жандоочулары Таласта “Ак Жол” партиясына элди үгүттөштү


Бүгүн Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалуу мектептин жыйындар залында өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Искендер Айдаралиев облустагы мекеме-уюмдардын жетекчилери, саламаттыкты сактоо кызматкерлери, мугалимдер жана аксакалдар менен жолугушту. Ал өзүнүн Таласка келишин шайлоого тиешеси жок дегени менен, аны менен бирге келген республикалык аксакалдар кеңешинин төрагасынын орунбасары Райкан Алканов “Ак жол” партиясына элди үндөп кетти. Айдаралиев менен чогуу келген транспорт, каржы, социалдык жактан коргоо министрлери элдин суроолоруна жооп берип, андан кийинки ушундай эле жолугушуу Бакайата районунда уланды. (UA)

XS
SM
MD
LG