Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Иранда сот чечимин кайра карап чыгуу өкүмүнө карабастан, 20 жаштагы кылмышкер өлүм жазасына тартылды


Макван Мулудзаде Ирандын батышындагы Керманшах провинциясындагы түрмөдө дарга асылды. Ал 13 жашында 3 өспүрүмдү зордуктаган деген кине менен камалып, жети жыл түрмөдө отурду. Айыптоочулар арыздарын кайтарып алып, сот да анын өлүм жазасына буйрулушун кайра карап чыгууга өкүм кылган. Хьюман Райтс Уотч уюму Иран бийликтерин Мулудзаденин өлтүрүлүшүнө жол бербөөгө чакырган.

XS
SM
MD
LG