Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:58

ӨЗБЕКСТАНДА САЯСИЙ ЖАНА ДИНИЙ АЙЫПКЕРЛЕР МУНАПЫС АЛБАЙТ


Өзбекстанда ушул ишембиде Конституция күнү майрамдалат. Бул күнгө карата айыпкерлерге мунапыс жарыяланды. Бирок 23-декабрда президенттик шайлоо өткөнү жаткан өлкөдө президент Каримовдун оппоненттери темир тордун артында кала берүүдө. Мунапыс алгандардын арасында диний айыпкерлер да жок экендиги кабарланууда.

Өзбекстанда түрмөдө отургандар 1-сентябрь-көз карандысыздык күнүн жана 8-декабрь-Конституция күнүн чыдамсыздык менен күтүшөт. Анткени жылыга ушул эки датага байланыштуу айыпкерлерге мунапыс жарыяланат. Ушул аптада белгилене турган Конституция күнүндө да көп адамдар боштондук алышууда. Өзбек парламентинин жогорку палатасы – Сенаттын төрайымы Мавжуда Ражабова таамай белгилегендей, "мунапыс гуманизмдин ачык-айрым далили".

Бирок, Өзбекстанда мунапыс саясий жана диний айыпкерлерге дээрлик берилбейт. Бул тууралуу Ташкендик укук коргоочу Улугбек Усманов Азаттыкка буларды билдирди:

Акыркы эки жылда, мунапыс алгандардын арасында саясий жана диний айыпкерлер, оппозиция активисттери, саясатчылар, көз карандысыз журналисттер же укук коргоочулар дээрлик болгон жок. Кылмышкерлер гана бошотулду.

Усмановдун өзүнүн уулу диний ишмердүүлүгү үчүн түрмөдө отурат. Ушул аптада мунапыс ала тургандардын арасында уулунун ысмы жок экени ал үчүн өтө оор тийди.

Өзбекстандын Жиззак вилаятында көп жылдардан бери укук коргоо ишин аркалап келаткан Бахтийор Хамраев да ушундай абалда. Анын уулу былтыр "бейбаштык" кылган деген айып менен кесилген. Хамраев жана башка активисттер мындай сот иштерин аларды укук коргоочулуктан жана бийликтерди сындоодон баш тарттыруунун амалы деп эсептешет.

Ушул аптанын башында укук коргоочу Эзүлик уюму бийликтерди оппозиция мүчөлөрү менен укук коргоочуларга да мунапыс берүүгө чакырган. Уюмдун тизмесинде президенттик ат салышка катышуу ниетин билдиргенден кийин узак мөөнөткө кесилген ишкер, катталбаган оппозициячыл уюмдун жетекчиси Санжар Умаров да бар. Ал 2005-жылдын май айындагы Анжиян кан төгүүсүн да сындап чыккан эле. Езгүликтин тизмесинде ошондой эле көз карандысыз бир журналист, бир катар укук коргоочулар жана оппозициядагы катталбаган Бирлик жана Эрк партияларынын мүчөлөрү да бар.

Андреа Берг - Быйыл Өзбекстандагы ишине тыюу салынган укук коргоочу Хюман Райтс Уотч уюмунун кызматкери. Кезегинде Ташкенде иштеген Бергдин айтымында, мунапыс жарыяланганга чейин эле президентке кат жазып, өз күнөөсүн моюнга алып жана мамлекет башчысынан кечирим сурагандар гана бошотулушу мүмкүн.

Укук коргоочу Усмановдун сөзү боюнча, саясий жана диний айыпкерлерди түрмөдө алып калуу үчүн ар кандай айла-амалдар жасалат:

- Аларды түрмө камагында улам тинтип турушат. Түрмө кызматкерлери алардан "устара" таап алышат. Анда эч канда устара жок болгон күндө да түрмөчүлөр "төшөгүңдүн алдынан таптык" деп айтышат. Айыпкер эч кимге даттана албайт. Же болбосо түрмө кароолу айыпкерди "жарык өчүрүлгөндөн кийин намаз окуду" деп күнөөлөйт. Ошондон кийин жаңы иш козголуп, айыпкерди мунапыска кошпоонун шылтоосу табылат.

Ал эми жизактык укук корогочу Бахтиор Хамроевдин айтымында, анын уулу түрмөдө 30-ноябрда бычак жеген, бирок ага медициналык жардам көрсөтүлбөстөн, кийин жазалоо бөлүмүнө которулган.

Анын аралыгында, акын жана диссидент Юсуф Жуманын уулу камакка алынганы маалым болду. Акындын Азаттыкка билдиришинче, Машрап Жума ушул шейшембиде Бухарада мушташка катышкан деген кине менен кармалды. Акын жакындары менен Бухара шаар акимчилигин пикеттешти. Бул Машраб Жуманын акыркы бир нече айда экинчи жолу камалышы.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG