БШКнын мүчөсү Жылдыз Жолдошеванын билдиргенине караганда, партияга 20 миллион 238 миң 320 сом доо коюлууда. Буга бюллетенге кеткен чыгымдан тышкары бюллетендерди ташуучу автоунаалардын, авиакаттамдардын чыгымдары, социалдык фондго бөлүнчү каражат, жумушчулардын маянасы кирди. Бир күн мурда Баш прокуратура парламенттик шайлоого бюллетендин түп нускасын сайтка жарыялап жиберди деп, СДПнын жооптуу катчысы Эдил Байсаловго каршы кылмыш козгоп, 11 миллион сомдон ашык айып таккан. (BuS)