Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:39

18:25 Ысыккөлдө шайлоо комиссиясынын курамынан «Ак жол» партиясынын өкүлү чыгарылды


Бозтери айылындагы Жээнбаев атындагы мектептин директору Жаныш Сулайманов 31-шайлоо участкасы шайгашкан мектептин имаратына «Ак жол» партиясынын айылдык штабын ачып алгандыктан, шайлоо кодексин одоно бузганы аныкталды. «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун Ысыккөлдөгү бөлүмү бул боюнча райондук шайлоо комиссиясына билдирип, иликтегенде Жаныш Сулайманов шайлоо комиссиясынан «Ак жол» партиясынан комиссияга мүчө болуп бекитилген экен. Ошондуктан шайлоо кодексин бузган үчүн ал шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн чыгарылды. (RB)

XS
SM
MD
LG