Жолугушууна негизинен бюджеттик мекемелерде иштегендер, Нарын районундагы айыл өкмөттөрдөн автоунаалар менен атайын алынып келген атуулдар жана байкоочу катары келгендер болду. Эл алдында бул партиядан талапкер болгон мурунку Нарын губернатору Аскар Салымбеков жана жердиги нарындык талапкерлер сөз сүйлөштү. Жолугушууга губернатор Ажыбек Касымалиев, ошондой эле облустук, шаардык, Нарын райондук акимчиликтин жетекчилери жана аппарат кызматкерлери катышышты. (KUs)