“Жарандык коом коррупцияга каршы” уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилова бул кабарды кубануу менен кабыл алганын “Азаттыка” билдирди. “ Ленин райондук сотунун мындай чечими биздин өлкөдө мыйзамдуулук бар экенин айгинилейт. УТРК жаңы форматта, мыкты иштеши керек эле. Бирок “Ата Мекен” баш болгон башка да партияларды чектегенин биз кысым деп кабыл алганбыз. Эми мындан ары саясий партияларга бут тосуу болбойт деп ишенебиз”,- деди Т.Исмаилова.
“Ата Мекен” партиясы бардык партияларга эфирдик убакытты мыйзамда көрсөтүлгөндөй бирдей бербей жатат деп УТРКны сотко берген. Бүгүн Ленин райондук соту ал арызды канааттандырды. (AiJu)
“Ата Мекен” партиясы бардык партияларга эфирдик убакытты мыйзамда көрсөтүлгөндөй бирдей бербей жатат деп УТРКны сотко берген. Бүгүн Ленин райондук соту ал арызды канааттандырды. (AiJu)