Ирактын түндүгүндөгү Баижи шаарында террорчу жанкечти полиция бекетинин жанында жардырган бомбадан алты адам мерт кетип, бери дегенде он үч адам оор жараат алганы кабарланууда. Маалыматтарга ылайык, набыт болгондордун арасында бир нече полиция кызматкери жана бир жайкын тургун бар. Кечээ Багдаддын жанындагы Дияла провинциясында террорчу жанкечти жардырган бомбадан 26 адам мерт кеткен болчу.