Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Роберт Гейтс: Ирандын өзөктүк программасы коркунуч туудура берет


Американын чалгындоо кызматынын билдирүүсүнө карабастан Ирандын өзөктүк программасы АКШ жана Жакынкы Чыгыш үчүн дагы эле коркунуч туудурат. Бул тууралуу Бахрейнде өтүп жаткан регионалдык коопсуздук маселесине арналган эл аралык жыйында АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс билдирди. Гейтстин айтымында, Иран уранды байытуу иштерин улантып жатат, демек өзөктүк курал жаратуу иштерин жандандыра алат. Өз сөзүндө Роберт Гейтс расмий Тегеранды Ирак жана Ооганстандагы козголоңчуларга колдоо көрсөтүп келет деп айыптады. Ушул аптада АКШнын чалгындоо кызматы Иран өзөктүк курал программасын мындан төрт жыл мурун токтоткон деген билдирүү тараткан эле.

XS
SM
MD
LG