Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:25

16:15 Б.Калпетов: Ошто “Ата Мекен” партиясынын жарнактарын айрып кетүүдө


Карасуу базарынын жанында илинген “Ата Мекендин” жарнагын алып, анын ордуна “Кателдин” жарнагын тагып салышты. Түндө ош базарынын жанындагы жарнакты белгисиз бирөөлөр бычак менен тилип кетишиптир. Мындай жосунсуз иш аракеттер күнүгө кайталанып жатат, деп билдирди “Ата Мекен” партиясынын Ош облусундагы координаторунун жардамчысы Бакыт Калпетов “Азаттыкка”. Анын айтымында, 5-декабрда Куршаб айылынын жанынан “атамекенчилердин” үгүт тобун таш бараңга алган делип шектелип эки жигит Ош ИИБ тарабынан кармалышып, учурда аларга карата тергөө амалдары жүрүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG