Дүйшөмбүдө Косовонун макамы боюнча сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин аймакта эч кандай кагылышуулар болбойт. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы байланыштар боюнча жетекчиси Хавьер Солана билдирди. Анын айтымында, сербдер жана этникалык албандар бейстабилдүүлүккө жол бербейт. Төрт айга созулган эл аралык ортомчулардын катышуусу менен Приштина жана Белград ортосундагы сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктады. Тараптар Косовонун келечек макамы боюнча мунаса таба алган жок.