Иран маалымат агенттикттеринин маалымдоосуна караганда, жекшемби күнү Тегеран университетинин жүздөгөн студенттери президент Махмуд Ахмединежадка каршы чакырыктар жана май айында кармалган үч студентти бошотуу талаптары жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты. Бул Иран студенттеринин бир жума ичиндеги экинчи акциясы болду. 4-декабрда ушундай маанайдагы нааразылык акциясы болгон эле.