Инспекторлор Иранда үч күн болушуп, Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр өткөрөт. Өткөн айда МАГАТЭ Ирандын өзөк программасы боюнча отчетун жарыялап, анда маселени чечүүдө алдыга жылыш бар экенин белгилеген. Ал эми АКШнын чалгындоо кызматтары Иран өзөктүк курал жасоо аракетин 2003-жылы токтотконун өткөн жумада маалымдады.