Мындай мазмундагы билдирүүнү “Кылым шамы” бейөкмөт уюму таратты. Билдирүүдө айтылгандай, БШК "Демократия жана жарандык коом" үчүн Коалициясынын аткаруучу директоруна кысым көрсөтүү менен жалпы жарандык коомго түздөн түз кол салып жатат. “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси, укук коргоочу А. Абдырасулованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Нургазы аттуу жигит жаштар уюмдарына келип, аларды Коалицияны сотко бергиле деп көндүрүүгө аракет жасаган. А. Абдырасулова бул аракет Коалицияны 16-декабарда өтө турган шайлоодо байкоо жүргүзүүдөн четтетүү максатында жасалууда деп эсептейт. “Учурда шайлоого байланышкан чатактардын башаты дал БШКдан келип чыгууда. БШК бул жолку шайлоону адилет өткөрөөрүнө көзүбүз жетпей турат. Учурда шайлоочулардын БШКга болгон ишеними жокко эсе”, дейт А. Абдырасулова. (MSu)