Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:07

12:35 Э. Байсалов өлкөдөн чыгып кетти деп тараган маалымат чындыкка коошпойт


Бул тууралуу “Азаттыкка” СДПнын мүчөсү Роза Отунбаева билдирди. Анын айтымында, Эдил Байсалов эч жакка качкан жок, ал коңшу мамлекетте жеке иштери менен жүрөт. “Т. Акун Байсалов качып кетти деген маалыматты кайдан алды, мен билбейм. Өз учурунда Эдил Байсалов ага колдоо көрсөткөн эле, эми Т. Акун болсо ордун кармап калуу үчүн ушинтип калп айтып отурат”, дейт Р.Отунбаева. СДПнын жоопту катчысы Э. Байсалов ага козголгон кылмыш ишинен коркуп, чындыгында эле саясий баш паанек сураш үчүн өлкөдөн чыгып кетти, деген маалыматты 24. kg агенттиги СДПнын саясий кеңешинин мүчөсүнө таянып жарыялады. Анда өз атын атагысы келбеген СДПнын мүчөсүнүн айтымында, Э. Байсалов Казакстанга Европанын бир катар өлкөлөрүнүн жана АКШнын элчиликтерине саясий баш паанек сураш үчүн кеткен. “Бийлик шайлоо алдында СДПны алсыздандыруу аракеттерин көрүп жатат. Муну А.Атамбаевдин кызматтан алынышы, Э. Байсаловго каршы кылмыш ишинин козголушу айгинелеп турат”, дейт Р. Отунбаева “Азаттыкка”.(MSu)

XS
SM
MD
LG