“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова жетектеген уюм үгүт өнөктүгүнө мониторинг жүргүзүүдө. Төлөйкан Исмаилованын айтымында, бул жолку шайлоо өнөктүгүндө бийлик тараптан кысым чоң болууда. “Мырза Д.Үсөнөв дал ушул шайлоонун алдында эркин митингдерге каршы демилге көтөрүп, аны кийин Бишкек шаардык кеңеши аны бекиткен чечим кабыл алды. Буга чейин Конституциялык сот жарандар эркин жыйналуга укуктуу экенин ырастаган. Демек, Данияр Үсөнов Конституциялык соттун чечимин аткарбаганы үчүн Кылмыш Кодексинин 338-беренесине ылайык жоопко тартылышы керек деп, биз прокуратурага кайрылдык. Эки жылга чейин түрмөгө олтурушу керек мындай чиновник”, - деди укук коргоочу Т.Исмаилова. (MSu)
17:05 Т. Исмаилова: Шайлоо өнөктүгүндө болуп көрбөгөндөй административдик ресурс иштеп жатат