Сыналгынын ишине тоскоолдуктар дагы эле улантылууда. Анын мунарасы жайгашкан токой аянтына 9-декабрдан 10-декабрга караган түнү номери жок “Нива” маркасындагы автоунаа менен белгисиз 3 адам барган. Бирок алар телеканалды коргоп турган 20 кишини көрүп калышып качып кетишкен. Бул тууралу “Сентябрь” телеканалынын түштүк аймагындагы директору Асылбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, бүгүн сыналгынын көрсөтүү, берүүлөрү облустун борборуна таркатылган жок. Адистердин божомолу боюнча шаарга караган аймакка берүүлөрдү өткөрбөөчү белгисиз жабдуулар орнотулушу ыктымал. Облустук бийлик менен тармактык байланыш түйүндөрү бул ишке өздөрүнүн катышы жок экендиктерин билдиришти. 3-5-декабрда Жалалабат райондор аралык экономикалык соту Асылбек Текебаевге жер берген токой чарба менен айыл өкмөттүн буйругун жокко чыгарып, телемунараны көчүрүү чечимин чыгарган. (YA)