Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

19:12 Башкы прокуратура Социал-демократтар партиясынан 20 млн сом доолап, сотко арыз жолдоду


Башкы прокуратура 10-декабрда Бишкектин райондор аралык сотуна Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынан БШКнын пайдасына 20 238 320 сом өндүрүп берүү жөнүндө доо арыз жолдоду. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы таркаткан маалыматка караганда, СДПК мүчөсү Эдил Байсалов «Учкун» басмаканасында басылган шайлоо бюллетендерин өзүнүн Интернет сайтына жарыялап жиберген. Шайлоо мыйзамы боюнча буга мыйзам жол бербейт. Шайлоо бюллетени добуш берүү күнү гана жол ачык болот. Шайлоо Кодексинин 28-беренесинин 7-пункту боюнча саясий партиялар шайлоо мыйзамын бузган өкүлдөрүнүн кыймыл-аракеттери үчүн жооопкерчилик көтөрүүгө тийиш. Мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтирип, БШКнын ишине тоскоолдук кылганы үчүн Эдил Байсаловго каршы кылмыш иши козголуп, анын иши боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тергөө-иликтөө жүргүзүп жатат. (KCh)

XS
SM
MD
LG